Айдоочулардын эсине! Чычкан постунда көчмө камералар иштөөдө

Айдоочулардын эсине! Чычкан постунда көчмө камералар иштөөдө

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Чычкан постунда көчмө камералар иштөөдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыктарын алдын алуу, катуу ылдамдыкта жүргүн айдоочуларга чара көрүү, ошондой эле издөөдө жүргөн унааларды аныктоо максатында 24-июлдан тарта Чычкан стационардык постунда «Авто ураган» аппараттык-программалык комлекси иштей баштаган.

Бүгүнкү күнгө карата ар кандай жол эреже бузган 11 айдоочу токтотулуп, унаалары айып короо жайына коюлган.

Аталган көчмө камералардын жардамы менен издөөдө жүргөн, айып пулдары өз убагында төлөнбөгөн жана сотко жөнөтүлгөн, каттоосу убактылуу токтотулган унааларды жана ылдамдыкты ашырып айдаган жана башка жол эрежелерин бузган айдоочуларды аныктоого болот.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы алыскы жолго чыгууну пландаган айдоочуларга айып пулдарын өз убагында төлөп, унаасы издөөдө болуп-болбогонун жана камакка алынып-алынбаганын текшерип, жолго чыгуусун эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ЖКККББ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>