Кыргызстандык кургатылган жемиш өндүрүүчүлөр Арменияда тажрыйба топтоштуАпам тирүү деп ойлойм. “Жеңиш” чокусунда калган альпинисттин уулу жардам сурадыБишкекте медициналык шаарча курулуп, мамлекеттик ооруканалар көчүрүлөтКыргызстандык делегация «Краснодар» футбол клубунун ишмердүүлүгү менен таанышыштыТүркиянын кино жылдыздары Бишкекке келетКыргызстанда 550дөн ашык айыл таза суу менен камсыздалат
Ысык-Көлдө милиция туристке жоголгон телефонун таап берди
02.08.2023 | 12:00
Ысык-Көлдө ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Өзбекстандан келген турист аялга жоголгон телефонун таап берди. Бул тууралуу Атайын багыттагы полктон билдиришти.
Маалыматка караганда, 1-августта Ысык-Көлдөгү “Аврора” эс алуу жайында Өзбекстандын 55 жаштагы жараны Атайын полктун кызматкерлерине кайрылып, телефонун жоготуп алганын билдирген.
Милициянын старшинасы Эрлан Талгартбеков жана кенже сержант Мирбек Табалдиев эс алуу жайынын айланасын текшерип, телефонду таап, ээсине кайтарып берген.
Телефону табылган турист милиция кызматкерлеринин ишине ийгилик каалап, терең ыраазычылыгын билдирген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом