Өкмөт: Ысык-Көлдө 12 жыл иштебей турган көмүр кени ишке кирди

Өкмөт: Ысык-Көлдө 12 жыл иштебей турган көмүр кени ишке кирди

Ысык-Көлдө 12 жылдан бери иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жыргалаң көмүр кенинин иши менен таанышкан.

— деп айтылат маалыматта.«Таанышуу учурунда бул кен 12 жылдан ашуун убакыттан бери иштебей турганы, бирок 2022-жылдын жаз айларында өлкө президентинин тапшырмасына байланыштуу иш жанданганы жана  Каракол шаарын жана ага жакын аймактарды кыш мезгилинде көмүр менен камсыз кылары айтылды»,

Учурда Жыргалаң кенинде күнүнө 100-120 тонна көмүр казылып алынат. Кышында Каракол шаарына, Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондоруна 12 миң тонна көмүр керектелет. Ага байланыштуу бул аймактардын көмүргө болгон муктаждыгын Жыргалаң көмүр кени камсыздаш керектиги белгиленген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>