Жалпы кубаттуулугу – 15,6 МВт: Сокулук районунда эки чакан ГЭС ишке кирдиЖКда курулуш жана шаар куруу боюнча мыйзам долбоору четке кагылдыБишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо министрлеринин кеңешмеси өтүүдө2026-жылдын январында Кыргызстан Казакстандан сатканына караганда дээрлик үч эсе көп товар сатып алдыКыргызстандын эл аралык резервдери эки айда 1,5 млрд долларга азайдыЖыл башынан бери өлкөдө негизги капиталга инвестициялар 77 млрд сомдон ашты
Жалал-Абадда “Барселонанын” футбол академиясы ачылат (видео)
11.08.2023 | 16:44
29-августта Жалал-Абад шаарында “Барселона” футбол клубунун 29-академиясынын ачылышы болот. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинин билдиришти.
Академиянын расмий ачылышынын алкагында Кыргызстанга “Барселона” клубунун мурдагы таанымал оюнчулары келет. Алардын арасында Роналдиньо, Карлес Пуйоль, Хавьер Савиола, Жулиано Белетти, Людовик Жюли жана башкалар бар.
Алар 30-август күнү Борбор Азиянын белгилүү футболчулары менен Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул беттешке өлкө жетекчилиги да катышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом