Ошто арматура менен сабалган жаран жаш жигитке бычак сайган деп кармалды (видео)

Ошто арматура менен сабалган жаран жаш жигитке бычак сайган деп кармалды (видео)

Быйыл январь айында Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн чыры учурунда арматура менен сабалган Майрамбек Низамов жаш жигитке бычак саюуга шектелип кармалды.

Шаардык милициянын маалыматы боюнча, 22-июлда милицияга 2001-жылы туулган жаран кайрылган. Ал арызында шаардагы бассейндердин биринде эс алып жатканда белгисиз жаран менен кайым айтышып кетип, аталган адам бел жагына бычак сайып, андан кийин качып кеткенин билдирген.

Милиция ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 28 жаштагы Н.М. (Майрамбек Низамов – ред.) аттуу жаранды кармаган. Ал мурда бир нече жолу соттолгон, кылмыш чөйрөсүндө «Коен» деген каймана ат менен белгилүү.

Шектүү 9-августта убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Бүгүн, 11-августта шаардык сотто анын баш коргоо чарасы каралат.

Эскерте кетсек, быйыл 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлүп (бычактан жараат алып, каза болгон), дагы бирөө (Майрамбек Низамов) оор абалда ооруканага түшкөн. Ооруканага жаткырылган жаран арматура менен сабалып, айрыкча буттары жабыркаган. Милициядан билдиришкендей, маркум менен жабыркаган жаран жана аларга кол салгандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болушат.

Буга чейин Ош шаардык ооруканасынан Reporter.kg’ге билдиришкендей, арматура менен сабалган жаран 4-февраль күнү бейтапканадан чыгарылган. Анын абалы канааттандыралык экени жана дарыланууну амбулатордук түрдө улантары айтылган. Ооруканадан чыккандан кийин ал спорт менен машыгып жатканы тартылган видеосу соцтармактарга тараган.

Бул окуяга байланыштуу кылмышты уюштурууга шектүү катары Кадыр Досонов кармалган. Ошондой, эле Эламан Коргонбай уулуАкылбек Раимберди уулуКурсантбек Шакир уулу жана Нурбек Чубаков издөөгө алынып, кармалышкан. Кийинчерээк шектүү катары Э.А. аттуу жаран кармалган.

30-мартта бул иш боюнча тогузунчу шектүү кармалганы кабарланган.

Кийинчерээк бул иш сотко өткөн. Бул иш боюнча кармалгандарга Кылмыш-жаза кодексинин 122 (адам өлтүрүү), 37 (кылмыш жасоого аракеттенүү), 262 (кылмыштуу коомдоштукту түзүү), 367-беренелери (кылмышты жаап жашыруу) боюнча айып тагылган.

Оштогу УКТ мүчөсүнүн өлтүрүлүшү: Иш сотто каралууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>