9 жаштагы кызга кошунасы ыдык көрсөткөн. Апасы акыйкатчыга кайрылды

9 жаштагы кызга кошунасы ыдык көрсөткөн. Апасы акыйкатчыга кайрылды

Чүйдө кошунасы тарабынан ыдык көрсөтүлгөн 9 жаштагы кыздын апасы кысымга кабылганын айтып, акыйкатчы Жамиля Жаманбаевадан көмөк сурады. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Аялдын айтымында, учурда ал сотто өзүнүн кызынын укугун коргоого аракет кылууда, бирок ага катуу кысым көрсөтүлүүдө. Аргасы кеткендиктен ал акыйкатчыга кайрылган. Аял коомчулуктан жана акыйкатчыдан жардам сурайт.

«Сот процесси создуктурулуп жатат, жети сот процессинин ичинен бешөө өтпөй калды, анткени айыпталуучуну сотко алып келишкен жок. Андан кийин эле сот эмгек өргүүсүнө чыгып кетти. Улам эле процессти токтотуп салышкандыктан, мен жумушка дагы бара албай жатам. Үйдү карап багып жаткан жалгыз менмин. Анан калса адвокаттын акчасын дагы төлөшүм керек. Ал эми процесс болсо кайра-кайра эле өтпөй калып жатат. Анысы аз келгенсип мени “талоонго” алышууда — башка коңшуларым мени да, кызымды да жамандашууда. Күн сайын ар кандай чагымдарды кылышып, мага каршы арыз да жазышты. Бизди жек көрүндү кылгылары келип жатышат. Мен болгону өзүмдүн кызымды коргогум келет жана күнөөлүү киши жазасын алып, акыйкаттыкка жетсем дейм. Эмне кылсам болот? Мага камкордук, көмөк керек…», — деп ыйлады аргасы кеткен аял.

Эскерте кетсек, аталган иш Сокулук райондук сотунда каралып жатат. Бул иш боюнча 43 жаштагы М.А. (коңшу) аттуу жаран айыпталуучу болуп, ага карата 158-берене боюнча кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын 6-февралында А.Т. аттуу аял анын 9 жаштагы кызына кошунасы ыдык көрсөткөнүн билгенден кийин милицияга арыз жазган. Комплекстүү экспертиза кыз эркек тараптан ага ыдык көрсөтүлгөнү тууралуу чындыкты айтып жатканын тастыктаган.

«Буга чейин ЖМКга кыздын апасы кошунасынын жосунсуз жоругу тууралуу кантип билгенин маалымдаган. Анын айтымында, кызы ыйлап жумушка кеткенде кошунасыныкына таштабоону суранган, анткени кошунасы аны дайыма өпкүлөй берерин жана мындан улам жүрөгү айланып кускусу келерин айткан.

Кыздын энеси башка маалыматтар тууралуу дагы бөлүшкөн, кийинчерээк кошунасы түн ичинде кичинекей кыз уктап жаткан бөлмөгө кирип аны чечинтип, кармалаган.

Кыз ыйлап жибергенде эркек киши аялы жана балдары ойгонуп кетет деп коркуп кетип калган. Аял мунун баарын кызынан уккандан кийин арыз жазган», — деп билдиришти Акыйкатчы институтунан.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, алардын балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери аталган окуяны кылмыш иши башталгандан тартып карап жатышат — кыздын апасына укуктук кеп-кеңеш беришкен. Мындан тышкары тергөө маалындагы бардык укук бузуулар боюнча укук коргоо жана прокуратура органдарына кайрылган.

«Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды сотто кыздын укуктарын коргоону камсыз кылууга чакырды. Негизинен Акыйкатчы Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчилигине айыпталуучуну убактылуу кармоочу жайдан сотко жеткирүүнү камсыздоого кайрылды.

Ошондой эле Акыйкатчы башка жактоочуларды сотто кыздын укуктарын корголушу үчүн анын апасына көмөктөшүүгө чакырды. Соттун кийинки отуруму 14-августка дайындалды. Процесс жабык режимде өтөт», — деп билдиришти Акыйкатчы институтунан.

Өспүрүмгө кошунасы сексуалдык ыдык көрсөтүп келген. Иш сотко өттү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>