Биринчи май райондук прокуратурасы балдардын укуктарын коргоо ишин көзөмөлдөөнү күчөтүүдөЕБ санкцияларынан улам Кыргызстанга «домино эффектиси» коркунучу туулууда — КуловУлуттук хирургия борборунан боорду алмаштыруудан кийинки бейтаптын абалы жана кийинки операция тууралуу айтып бериштиБишкектин бир бөлүгүндө жаратылыш газы 2 күнгө өчүрүлөтИнвестициялар боюнча улуттук агенттик менен «ХанаЭнергия» энергетика тармагында кызматташатКыргызстан менен Кытай чакан жана орто бизнести колдоого багытталган жаңы программаны ишке ашырат
Азиз Дегенбаев шахмат боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту
11.08.2023 | 19:18
Кыргызстандык окуучу Азиз Дегенбаев шахмат боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, мелдеш 3-7-август күндөрү Казакстандын Актау шаарында өттү. Мелдешке 53 өлкөдөн келген 300дөн ашуун 12 жаштан 18 жашка чейинки мектеп командалары арасындагы шахматчылар катышты.
Азиз Дегенбаев Бишкек шаарындагы Кеңешбек Асаналиев атындагы №6 мектеп-гимназиясынын окуучусу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт