Садыр Жапаров Байденге көңүл айтты

Садыр Жапаров Байденге көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров АКШнын президенти Джозев Байден-кенжеге Гавайи аралдарында өрттүн кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтып  телеграмма жолдоду.  Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

“Гавайи аралдарында өрттүн кесепетинен көптөгөн адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Биз Америка Кошмо Штаттарынын элинин аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Сизге, Америка Кошмо Штаттарынын элине жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”,- деп айтылат телеграммада.

АКШнын Гавайи аралындагы өрттүн кесепетинен каза болгондордун саны 53кө жеткенин 11-августта, CNN телеканалы Мауи округунун жергиликтүү бийликтеринин маалыматына таянып билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>