Ысык-Көл – Бишкек жолунда кырсыктар көп катталууда, — ЖКККББ

Ысык-Көл – Бишкек жолунда кырсыктар көп катталууда, — ЖКККББ

Дем алыш күндөрү Бишкек – Ысык-Көл унаа жолуна көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, акыркы күндөрү Ысык-Көл облусунан Бишкек шаарына келе жаткан айдоочулардын катышуусунда жол унаа кырсыктары көп катталууда.

«Себеби айдоочулар жол эрежелерин толук сактабай, каттуу ылдамдыкта айдап, каршы тилкелерге чыгып, ашып өтүү маневр жасоо эрежелерин толук сактабай, жол унаа кырсыктарынын 90 пайызына айдоочулар өздөрү себеп болууда», — деп айтылат маалыматта.

Ошондуктан, дем алыш күндөрү да ЖКККББнын кызматкерлери Бишкек — Чолпон-Ата багыты боюнча кошумча постторду коюу менен жол унаа кырсыктарынын алдын алуу боюнча күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.

Кечкисин жол тыгындарынын алдын алып, көчөлөрдүн кесилиштеринде жол кыймылын жөнгө салышат. Башкармалык айрыкча ылдамдыкты ашырып, каршы тилкеге чыккандарга жана мас абалында унаа башкаргандарга катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>