Садыр Жапаров бүгүн Москвада Владимир Путин менен жолугушатКуткаруучулар апрелдин башында БЧКга кулап кеткен кишинин сөөгүн табыштыКыргызстан менен Кытай жогорку технологиялык өндүрүштөрдү ишке киргизүү жана инженерлерди окутуу боюнча макулдаштыКыргызстан түштүк кореялык LNC Elecom менен жогорку технологиялар жаатында кызматташатКыргызстанда эт төрт айдын ичинде орточо эсеп менен 6%га кымбаттадыЭльвира Сурабалдиева Кыргызстанга деңиз кодекси эмне үчүн керек экенин түшүндүрдү
Салык кызматы 119,1 млн сомго унаа, телефон сатып алат. Себеби
15.08.2023 | 13:18
Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясы үчүн 119,1 млн сомго байгелерди сатып алат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Салык кызматы байге катары 37,1 млн сомго 20 электрунаа, 80 млн сомго 1 миң телефон жана 2 млн сомго 40 стайлер сатып алууну пландоодо.
Сынак боюнча арыздар 18-августка чейин кабыл алынат.
«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясына катышуу шарттары тууралуу lottery.salyk.kg сайтынан маалымат ала аласыз.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом