33 жаштагы Жанарбектин өлүмү: Шектүүнүн үйүнө рэкеттер келди

33 жаштагы Жанарбектин өлүмү: Шектүүнүн үйүнө рэкеттер келди

Чүйдө 33 жаштагы Жанарбек Кенжебек уулунун өлүмүнө шектелип кармалган адамдын үйүнө белгисиз жарандар келип, үйүндөгү жакындарынан эки тракторду тартып алган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, быйыл 22-июлда Чүйдүн Чат-Көл айылынын 33 жаштагы тургуну Жанарбек Кенжебек уулу дайынсыз жоголуп, кийинчерээк киши колдуу болгону аныкталган. Бул ишке шектүү катары үч адам кармалган: 35 жаштагы Р.Ю., 30 жаштагы Р.Д. жана 58 жаштагы Д.А.

Милициядан билдиришкендей, белгисиз адамдар 35 жаштагы Р.Ю. аттуу шектүү камакта отурганынан пайдаланып, 13-августта үйүнө барып, жакындарынан мал-жандык менен айыл чарба техникасын опузалай баштаган. Жыйынтыгында кылмышкерлер «Беларус МТЗ 82» жана «МТЗ 1221» тракторлорун тартып алышкан.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция шектүү катары 2002-жылы туулган Ө.Т. жана 1989-жылы туулган М.Р. аттуу жарандарды кармаган. Кылмыштын уюштуруучусу делген Ж. аттуу жаран изин жашырып кеткен.

Азыркы тапта опузалоо иши боюнча Ө.Т. аттуу жаран соттун чечими менен камакка алынган.

Учурда изин жашырып кеткен жаранды издеп-табуу иштери жүрүүдө.

Карызын алганы кеткен. Дайынсыз болгон жарандын өлүмүнүн чоо-жайы

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>