«Европага ишке орноштурам». Ошто 150 адамды алдап кеткен шектүү кармалды

«Европага ишке орноштурам». Ошто 150 адамды алдап кеткен шектүү кармалды

Ош шаарында жарандарды Европага жөнөтүүнү убадалап, алдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү 28 жаштагы Ош облусунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын М.Ш. аттуу тургуну болун саналат. Ал Ош шаарында атайын кеңсе ачып, жарандарга Европага виза ачып берүүнү жана ал жактан жумушка орноштурууну убадалап, алдап кеткен. Ага алданып, акчасын берген адамдардын саны 150дөн ашат. Алардын көбү 1,8 миң евродон берсе, аз дегени 900 евро болгон.

Милициядан билдиришкендей, шектүү жабырлануучуларды «биздин Европадагы жумуш берүүчүлөр менен келишимдерибиз бар. Сиздер ал жакка барып, орношуп, жумушка киргенге чейин биздин фирма көзөмөлдөйт» деп ишендирген. Ал негизинен Польша жана Германия өлкөлөрүнө жөнөтүүнү убадалаган.

Шектүү 11-августта Бишкекте жашырынып жүргөн жеринен кармалып, Ошко жеткирилген. Соттун чечими менен ал камакка алынган.

Учурда «алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши ачылып, анын кылмыштуу шериктерин аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар болсо, 0553 017 017 жана 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>