Бүгүн Бишкектеги эки мектепке бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн«Кыргыз темир жолунун» кызмакери унаасын 190 км/саат ылдамдыкта айдап, видеосун интернетке чыгарганАшуулардагы абал: жолдор тазаланып, киргизилген чектөөлөр алынуудаДин иштери боюнча агенттиктин төрагасы менен орун басары иштен алындыКар жаайт: 9-декабрга карата аба ырайыТүркия Кыргызстандын выпустил памятную монеталарды “Кароо-кесүү”
Чүйдө 1-сентябрга карата 7 жаңы мектеп ачылат
18.08.2023 | 16:23
Чүй облусунда 1-сентябрга карата 7 жаңы мектеп ачылат. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка караганда, мектептердин төртөө Ысык-Ата районунда, бирден мектеп Аламүдүн, Сокулук жана Жайыл райондорунда жайгашкан.
“Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүндө 250 орундуу, Ново-Покровка айылында 225 орундуу, Ивановка жана Тогуз-Булак айылдарында 150 орундуу мектептер ачылат”, – деп айтылат маалыматта.
Аламүдүн районундагы Пригородное айылында 500 орунга, Сокулуктагы Мирный айылында 275 окуучуга, Жайыл районундагы Сосновка айылында 225 орунга ылайыкталган мектептер 1-сентябрда ишке кирет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом