Бишкекте өспүрүмдү тапанча менен коркутуп, карактап кетишкен

Бишкекте өспүрүмдү тапанча менен коркутуп, карактап кетишкен

Бишкектеги сейил бакта бир нече бала өспүрүмдү карактап кеткен. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынна билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-августта болжол менен саат 22:00до Ахунбаев көчөсүндөгү сейил бакта белгисиз адамдар өспүрүмдү курал менен коркутуп, 20 миң сомдук Samsung A50 телефонун жана 10 миң сом салынган барсеткасын тартып алышкан. Бул боюнча милицияга өспүрүмдүн апасы кайрылган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 2007-жылы туулган Т.Э., 2008-жылы туулган З.К., К.Э., 2001-жылы туулган М.Н. жана К.А. аттуу балдар кармалган. Райондук соттун чечими менен 22 жаштагы шектүүлөр №1 тергөө абагына камакка алынган. Калган үч өспүрүм тергөөгө келүү милдеттенмеси менен кое берилген.

Милициядан билдиришкендей, кармалгандардан пневматикалык тапанча, каракталган телефон жана беткаптар табылып алынган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракетинен жабыр тарткандар болсо же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0(502) 22-50-00, 0(550) 33-89-55 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>