Кыгызстандык 3 тасма Казакстандагы «Байкоңур» эл аралык фестивалына катышат. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, сынакка катышуу үчүн 14 мамлекеттен 560 талапкерден арыз түшкөн. Алардын арасынан фестивалга 6 мамлекеттен 18 тасма тандалып алынган. Алардын арасынан 3 тасма Кыргызстандан болот: режиссерлор Никита Ловецкийдин «Галина Петровна», Алижан Насировдун «Медик» жана Дастан Мадалбековдун «Атасынын уулу» тасмалары.
Фестиваль 6-10-сентябрда Алматы шаарында өтөт.
Кыска метраждуу оюн жана даректүү тасмалардын «Байкоңур» фестивалы быйыл сегизинчи жолу өткөрүлөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз