Аксыда көзүнө ок жеп, ок мээсинде калып калган жаш бала ооруканадан чыкты

Аксыда көзүнө ок жеп, ок мээсинде калып калган жаш бала ооруканадан чыкты

Жалал-Абаддын Аксы районунда, 2-августта, көзүнө «тирдин» огу тийип, ок баш сөөгүндө калып калган 9 жаштагы бала ооруканадан чыгарылган. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, баланын абалы жакшы болгондон кийин ал ооруканадан чыгарылган. Анын бейтапканадан чыкканына бир топ убакыт болуп калды.

Эскерте кетсек, 2-августта 9 жаштагы баланы тууганы «тирдин» мылтыгы менен кокустан көзүнө атып алган. Аталган факт милицияда «кокустук» деп катталып, териштирүү иштери башталган.

Окуядан кийин жеткинчек Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына жаткырылган. Тирдин огу баланын оң көзүнө тийип, баланын көзү агып калган. Дарыгерлер анын көзүнө операция жасап, инфекциядан тазалашкан. Бирок ок баланын мээсине өтүп кеткендиктен аны алуу жеткинчектин өмүрү үчүн кооптуу болгондуктан, окту алуу боюнча операция жасалган эмес.

Ошондой эле Бишкектеги дарыгерлер да операция жасоо кооптуу экенин, мээге тийбеш керектигин айтышкан. Андай операциянын Кыргызстанда жасалышы күмөн.

Мындан улам ок баланын мээсинде өмүр бою калып калышы мүмкүн.

Бала ооруканага түшкөндөн кийин 2-3 күн өткөн соң туруп, өз алдынча тамак жеп калган.

Аксыда жаш бала көзүнө ок жеп, ок мээсинде калып калган. Дарыгер эмне дейт?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>