Мэрия кыйылган бактарды муктаждарга отун катары таркатууда“Алтын Казык” ноутбуктары даяр болуп, аймактардагы мугалимдерге жеткириле баштадыМатраимовдун өкүл баласынын кармалышы. Коркунучтуу байланыштардын учу кайда барат?Кадамжайда 200 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулатБишкек мэри базарларда текшерүү иштерин жүргүздүБишкекте “Кыргызстан ЭКСПО 2025” эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөт
Олжобай Шакир 48 саатка камалды
23.08.2023 | 22:34
Жазуучу жана публицист Олжобай Шакир 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу жактоочу Бакыт Автандил билдирди.
Анын айтымында, ага “жапырт башаламандык уюштуруу аракети”, “бийликти басып алуу аракети” боюнча айып тагылган.
«Бул негизсиз айыптоо. Олжобай Шакир дароо бошотулушу керек. Эртең анын баш коргоо чарасы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралат. Экспертизалардын корутундусунан кийин Олжобай Шакирге кылмыш иши козголду”, – дейт Бакыт Автандил.
Буга чейин Олжобай Шакирди УКМКга алып кетишкенин «Кылым шамы» укук коргоо борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова билдирген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом