«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандыруу тармагын реконструкциялоо иштерин жүргүзүүдө.
Мэриядан билдиришкендей, бул жолу шаардын жарыктандыруучулары «Калыс-Ордо» конушунун көчөлөрүн жарыктандырууда.
Калыс-Ордо конушунун 104, 105, 115, 116 көчөлөрүндө жарыктандыруу иштери жүргүзүлдү.
«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 49 даана светодиоддук чырак орнотуп, 3000 метрге жакын изоляцияланган зым(СИП) тартышты. Бул багыттагы иштер уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз