Кыргызстан менен Казакстандын ички иштер министрлери жолукту

Кыргызстан менен Казакстандын ички иштер министрлери жолукту

Бүгүн, 24-августта Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан жана Казакстандын чки иштер министрлеринин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жетекчилер ведомстволор аралык кызматташуу маселелерин талкуулап, Кыргызстан менен Казакстандын ички иштер министрлигинин ортосунда кылмыштарды алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Улан Ниязбеков белгилегендей, ведомстволор ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү биргелешкен ишмердүүлүккө гана эмес, эки элдин бир туугандыгына да негизделгени күмөнсүз, бул албетте жалпы аракеттердин жыйынтыгына оң таасирин тийгизерин өзгөчө белгиледи.

Өз кезегинде Казакстандын ИИМдин башчысы Марат Ахметжанов ведомстволор аралык кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилеп, өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча мындан ары да көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар боордош өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынын кызматташтыгынын достук жана көп пландуу мүнөзүн баса белгилеп, эки мамлекеттин жарандарынын коопсуздугунун кызыкчылыктарында мындан ары да бекемделе берээрине ишенимин билдиришти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>