Кыргызстанда жетилген жарандык сектор бар деп айтууга эрте — саясат таануучуКыргызстандын каржы сектору 2025-жылы 44,6 млрд сом таптыЖК төрагасы Москвада ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынына катыштыУулдарым, бизди жеңиш менен күткүлө»Ала-Тоо аянтында Бишкектин 148 жылдыгы белгиленетКөп векторлуулук Кыргызстанды Иран боюнча тандоо жасоодон куткарбайт — Алина Молдокеева
Эгемендүүлүк күнүндө Ала-Тоо аянты унаа кыймылы үчүн жабылат
26.08.2023 | 10:47
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого карата концерт өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, буга байланыштуу 31-августта аянттын аймагындагы унаа кыймылы саат 17:00дөн 00:00гө чейин чектелет.
“Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат», – деп белгилешти муниципалитеттен.
Борбор калаанын мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамды алдын ала пландап алууну суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар