Кыргызстанда жетилген жарандык сектор бар деп айтууга эрте — саясат таануучуКыргызстандын каржы сектору 2025-жылы 44,6 млрд сом таптыЖК төрагасы Москвада ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынына катыштыУулдарым, бизди жеңиш менен күткүлө»Ала-Тоо аянтында Бишкектин 148 жылдыгы белгиленетКөп векторлуулук Кыргызстанды Иран боюнча тандоо жасоодон куткарбайт — Алина Молдокеева
АКШда 43 жыл абакта отургандар акталып чыкты
03.02.2020 | 11:48
43 жыл абакта отурган АКШнын Флорида штатынын эки тургуну актылып чыкты. Бул тууралуу The Black Detour басылмасына таянып iz.ru жазды.
Клиффорд Уильямс жана анын жээни Нэтен Мейерске 1976 жылы кошунасын өлтүргөн деген айып тагылып абакка кесилишкен. 2019-жылы алардын күнөөсүз абакка кесилгени аныкталып, акталып чыгышкан.
Штаттын мыйзамына ылайык, күнөөсүз абакка кесилгендерге ар бир жылы үчүн мамлекет тарабынан 50 миң доллар компенсация төлөнүүгө тийиш. Бирок компенсация ала турган адам мурда соттолбошу керек. Ушул жылдын январь айында Клиффорд Уильямстын мурда да сот жообуна тартылгандыгы аныкталып, ага компенсация берилген эмес. Анын жээни Нэтен Мейерс күнөөсүз абакта отурган ар жылы үчүн 50 миң доллар алмай болгон.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар