Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Быйыл Элдик курултай кышында өтөт
30.08.2023 | 10:17
Президент Садыр Жапаров “Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган иш-чара “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамынын негизинде өткөрүлөт. Курултай 2023-жылдын 15-декабрына белгиленди. Быйылкы курултайда 700 киши делегат болот.
Эскерте кетсек, былтыр Элдик курултай президенттин жарлыгынын негизинде өткөрүлгөн. Ал учурда тиешелүү мыйзам кабыл алына элек болчу. “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам быйыл 29-июнда кабыл алынган.
2022-жылдагы курултай 25-26-ноябрда өтүп, ага жалпы 1 миң 72 делегат катышкан. Элдик курултайды өткөрүүгө 20 млн сомдой акча кеткени кабарланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом