Май майрамдарында Кыргызстандын ооруканалары кандай тартипте иштейт? Саламаттык сактоо министрлиги маалымат бердиКытай экспорттук жеңилдиктерди кыскартууда: кыргызстандык импорттоочулар даяр болушу керекBITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөтБишкекте курттардын капташы: Ак-Босогодогу теректер эмне болууда?Кыймылсыз мүлктү сатууга өз алдынча тыюу. Дастан Бекешевдин түшүндүрмөсүКыргызстан менен Казакстандын банктары кооптуу сызыкта
«Оскар» сыйлыгына Кыргызстандын атынан «Эсимде» тасмасы көрсөтүлдү
12.09.2023 | 09:20
Кыргызстандын «Оскар» комитети өлкөбүздүн атынан Американын кинематография искусствосу жана илим академиясынын «Оскар» сыйлыгына «Эсимде» тасмасын көрсөттү. Мындай чечим 6-сентябрдагы отурумда кабыл алынганын аталган комитеттин координатору Таалайбек Кулмендеев билдирди.
Режиссер Актан Арым Кубат тарткан тасма «Оскар» сыйлыгына «Эл аралык толук метраждуу мыкты тасма» (International Feature Film) номинациясына көрсөтүлөт.
Эскерте кетсек, «Эсимде» тасмасы бир нече эл аралык сыйлыктарды, анын ичинде кинематография дүйнөсүндө «Азия Оскары» деп аталган Азия-Тынч океан киноакадемиясынын сыйлыгын (APSA) “Мыкты тасма” номинациясында утуп алган.
«Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи 2024-жылдын 10-мартында Лос-Анжелестеги «Долби» театрында өтөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз