Кыргызстандын экономикасы өсүүдө, бирок жашоо да кымбаттап жататБишкектин бир бөлүгүндө 20-апрелде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулатУКМКнын ДНК-лабораториясы бир жыл ичинде 40ка жакын экспертиза жүргүзгөнMKassa жаңы кардарлар үчүн «Үч миллионго нөл» акциясын ишке киргиздиКыргызстанга электрондук тамекилерди ташып келүүгө тыюу салуу дагы жарым жылга узартылатКыргызстандык опера ырчысы Эльнура Муктарбек Москвада эл аралык Bravo сыйлыгына ээ болду
Дүйнө чемпионаты: Жумашбек уулу жарым финалда жеңилди, эми коло үчүн күрөшөт (видео)
17.09.2023 | 09:30
Бүгүн, 17-сентябрда кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбан Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) Сербиядагы дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт.
Тайырбек Жумашбек уулу таймашка 16-сентябрда чыгып, таймашты 1/8 финалдан баштаган. Биринчи беттешинде азербайжандык Интигам Вализаданы далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.
Андан кийин чейрек финалда түркиялык спортчу Эмрах Орманоглуну 4:2 эсебинде жеңди.
Жарым финалда америкалык балбан Виталий Аружау менен күч сынашып, бирок ага 12:2 эсебинде жеңилди.
Эми ал коло байге үчүн күрөшөт. Үчүнчү орун үчүн беттеш бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 22:00до башталат.
Беттешти түз эфирде УТРК Спорт каналынан көрүүгө болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз