Дүйнө чемпионты: Акматалиев көңүл жубатуучу беттеште күрөшөт

Дүйнө чемпионты: Акматалиев көңүл жубатуучу беттеште күрөшөт

Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев (70 кг) Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында көңүл жубатуучу беттеште күрөшөт.

Акматалиев Сербияда 16-сентябрда башталган дүйнө чемпионатынын биринчи күнүндө килем үстүнө чыккан. Алгачкы беттешин ийгиликтүү баштап, 1/8 финалда швейцариялык Марк Дитшени 12:6 эсебинде жеңген.

Бирок чейрек финалда Акматалиев ирандык Амирмохаммад Бабак Язданичератиден жеңилүү ызасын тартты.

Ошол эле учурда ирандык балбан финалга чыккандыктан, Акматалиев коло байге үчүн ат салышууга мүмкүндүк берген көңүл жубатуучу беттеште күрөшө турган болду.

Эгер ал көңүл жубатуучу беттеште жеңишке жетсе, 3-орун үчүн күрөшөт. Азырынча анын көңүл жубатуучу беттештеги атаандашы белгилүү боло элек. Акматалиев азербайжандык Магомед Ханиев менен польшалык Патрик Оленчиндин ортосунда беттеште жеңген балбан менен күч сынашат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>