Кыргызстанда жетилген жарандык сектор бар деп айтууга эрте — саясат таануучуКыргызстандын каржы сектору 2025-жылы 44,6 млрд сом таптыЖК төрагасы Москвада ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынына катыштыУулдарым, бизди жеңиш менен күткүлө»Ала-Тоо аянтында Бишкектин 148 жылдыгы белгиленетКөп векторлуулук Кыргызстанды Иран боюнча тандоо жасоодон куткарбайт — Алина Молдокеева
Бишкекте жаш кыз эркек кишини тоноп кеткен. Шектүү кармалды
18.09.2023 | 15:09
Бишкекте жаш кыз тоноого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 8-сентябрда милицияга А.К. аттуу жаран кайрылып, ошол эле күнү болжол менен түнкү саат 03:00до белгисиз кыз киши күч колдонуп, 14 миң сомдук телефонун тартып алганын билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси ( тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 23 жаштагы К.Г. аттуу кыз киши кармалган. Ал райондук милициянын тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда иликтөө иштери уланууда
Биздин Телеграм каналга катталыңыз