Түркия: Суу сактагычка кулаган тик учактагы кыргыз жараны жээкке өзү сүзүп чыккан

Түркия: Суу сактагычка кулаган тик учактагы кыргыз жараны жээкке өзү сүзүп чыккан

Түркияда өрт өчүрүүчү тик учак суу сактагычка кулагандан кийин аман калган Кыргызстандын жараны жээкке өзү сүзүп чыккан. Бул туурадуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу билдирди.

Белгилүү болгондой, 16-сентябрда Измир провинциясынын Келер районундагы токойдо чыккан өрттү өчүрүүгө тартылган тик учак Тахтали суу сактагычына кулаган. Ал суу алайын деп жатканда кырсыктаганы маалым. Тик учактын ичинде 4 киши болгон. Алардын үчөө Кыргызстандын жана бирөө Түркиянын жараны. Бул кырсыктан 3 адам каза болуп, Кыргызстандын 1 жараны аман калган.

Башкы консулдук билдиргендей, Кыргызстандын О.О., И.Э. аттуу жарандары аталган тик учакта учкуч болуп иштеген, ошондой эле Я.Л. аттуу жаран бортмеханик болгон. Тик учакты Кыргызстандын жарандары башкарып бара жаткан. Ал суу сактагычка кулагандан кийин И.Э. аттуу учкуч чөгүп бараткан тик учактан өз алдынча чыгып, жээкке сүзүп барган. Учурда ал ооруканада жатат.

«Мекендешибиздин абалы туруктуу», — деп билдирет башкы консулдук.

Азыркы тапта суучулдар Кыргызстандын бир жаранынын — О.О. аттуу учкучтун сөөгүн табышкан. Калган эки маркумдун сөөктөрүн издөө иштери уланууда.

Белгилүү болгондой, консулдуктун кызматкери 17-сентябрдан бери окуя жеринде жүрөт. Ал ооруканага түшкөн Кыргызстандын жараны менен жолугушкан.

Башкы консулдук аталган маселе алардын өзгөчө көзөмөлүндө экенин билдирди.

Түркияда суу сактагычка кулаган тик учактагы 2 кыргызстандык каза болду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>