Нарында сак дооруна таандык петроглифтер табылды
Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында сак дооруна таандык петроглифтер табылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, петроглифтер 4-11-сентябрда аталган коруктун кызматкерлеринин экспедициясы учурунда табылган. Ал петроглифтерде жаныбарлардын элеси түшүрүлгөн.
Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин тарых институтунун доценти Орозбек Солтобаевдин айтымында, аталган таштар биздин заманга чейинки 2-6-кылымдарга таандык.
[image_carousel source=”media: 197691,197690″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз