ӨКМ эскертет: 23–25-октябрь күндөрү айрым аймактарда үшүк жүрөтБишкекте өспүрүм эки жол кырсыгына себепкер болду, жабыркагандар бар — видеоКаракол шаарынын кире беришиндеги жол оңдолот«Манас» социалдык айылында майып жарандар үчүн жаңы турак жай ачылдыБишкекте 22–23-октябрда айрым райондордо газ берүү убактылуу токтотулатБатумиде Борбор Азия жана Грузиянын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери каралат
Милиция: Баткенде баңгизат жарнамалагандар кармалды
18.09.2023 | 17:33
Баткен шаарында баңгизат жарнамалаган жарыяларды жазган жарандар кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-сентябрга караган түнү Баткендин көчөлөрүндө бангизаттарды жана психотроптук заттарды сатып алууга үгүттөгөн жарыялар пайда болгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында милиция 18-сентябрда шектүү катары Ош шаарынын үч тургунун кармаган.
“Алар 25 жаштагы Х.М., 26 жаштагы Н.С., 25 жаштагы Н.М. аттуу жарандар экендиги аныкталып, алардын экөөсү мурда сот жообуна тартылгандыгы белгилүү болду. Бул жарандар синтетикалык баңгизатын соцтармактар аркылуу жарыялап, сатып, кардар табуу аракетинде көчөлөргө жазууларды жазышкан”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз