Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков (62 кг) Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатындагы биринчи беттешин жеңиш менен баштады.
Ал таймашты 1/16 финалдан баштап, биринчи атаандашы литвалык Юстас Петравичюс болду. Шаршенбеков аны мөөнөтүнөн мурда 10:2 эсеби менен жеңди.
Кийинки 1/8 финалдагы беттеште Жоламан Шаршенбеков грузиялык балбан Придон Абуладзе менен күрөшөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз