МСК салык милдеттенмелеринин календарын сунуштадыАКШга окууга бара турган студенттер визалык депозит төлөөгө милдеттүү эмесКыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Албанияда өткөн рейтингдик турнирде алтын уттуЖогорку Кеңеште жыйындарга онлайн катышуу тутумун киргизүү жана комитеттердин аталыштарын кайра карап чыгуу сунушталдыЭрлист Акунбеков айыл чарба министри болуп дайындалды. Президент кол койдуПрезидент Дамирбек Осмоновду саламаттык сактоо министри кылып дайындады
Момбеков вице-премьер Разаковду куратор эмес кууратар деди — видео
05.02.2020 | 11:53
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду эч кандай жумуш аткара албайт деп парламент жыйынында айтып чыкты.
Эл өкүлүнүн айтымында Разаков өзүнө жүктөлгөн милдеттердин бирин да аткара алган эмес.
“Мухаммедкалый Дуйшекеевич вице-премьер Жеңиш Разаковду куратор кылып эки жакка койдуңуз. Ал орусча куратор болгону менен кыргызча кууратар да. Анткени ал чек ара маселесин чече алган жок. Анан да ЕАЭБдеги эң негизги эки маселени үчүнчү өлкөлөрдөн унаа алып келүүдөгү бажы төлөмүн жана мекендештердин өлкөгө акча которуусундагы коюлган чекти чече алган жок”, – деди Момбеков.