Кыргызстанда суу менен камсыздоо тармагына инвестиция эки эсе өстүБаткендин Зардалы айылына алып барчу унаа жол жакында ачылатЧукул кабар! Унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөтМоскванын мэри мигранттарды сындагандарга «колуңарга шыпыргы алгыла» деди: оор жумушта иштегендер жетишсиз болуудаБакуда КРдин айыл чарба министри Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолуктуБишкекте Абдымомунов көчөсүндөгү көп кабаттуу үй жалындап күйүүдө
Кыргызстандын курамасы Азия кубогунун финалдык баскычында
11.10.2023 | 20:55
Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы 2024-жылы Таиландда өтө турган Азия кубогунун финалдык баскычына чыкты.
Тандоо турунда Кыргызстан курамасы Иран, Ливан жана Мальдив аралдарынын командалары менен бирге С тайпасында ойногон.
Марат Дуванаевдин шакирттери алгач Ливанды утуп (5:4), андан соң Иранга утулуп калды (2:10).
11-октябрдагы квалификациялык финалдык оюнда кыргызстандыктар Мальдив аралдары менен беттешип, 8:3 эсебинде жеңишке жетишти.
Тайпалык этаптын жыйынтыгында Кыргызстан курамасы 2-орунду ээлеп, Иран курамасы менен бирге финалдык турга чыкты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт