Милициянын кийимин кийип «тамашалуу» видео тарткан жигит кечирим сурады (видео)

Милициянын кийимин кийип «тамашалуу» видео тарткан жигит кечирим сурады (видео)

Милиция кызматкеринин кийимин кийип «тамашалуу» видео тарткан жигит кечирим сурап чыкты.

Белгилүү болгондой, буга чейин соцтармактарга жүргүнчү менен кайым айтышып, аны мушташка чакырган милиция кызматкеринин кийимин кийген жарандын видеосу тараган.

Милициядан белгилешкендей, бул видеодо милициянын кызматкеринин формасын кийген жаран жүргүнчү менен кайым айтышып, коомчулукта терс пикир жаралуусуна түрткү болгон.

Аталган факт Чүйдүн Жайыл райондук милициясында катталып, териштирүү иштерин башталган.

Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, териштирүү учурунда видеодогу милиция кызматкеринин кийимин кийген жаран 19 жаштагы С.Н. аттуу Кара-Балта шаарынын тургуну экендиги аныкталган. Ал өзүнүн түшүндүрмөсүндө милиция кызматкеринин кийимин уруксатсыз кийип вайн тартканын билдирген.

«Мушташасыңбы?» ИИМ милициянын кийимин кийип, «тамашалуу» видео тарткан жигитти издөөдө

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>