«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Бишкекте эки адам шаар тургунунун «Мерседесин» өрттөп кеткен
20.10.2023 | 10:29
Бишкекте шаар тургунунун унаасын өрттөп кеткен эки шектүү кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 15-октябрда саат 22:00-22:30дар аралыгында Элебесов көчөсүндө токтотулуп турган «Мерседес» унаасына белгисиз адамдар өрт коюп кеткен. Бул боюнча унаанын ээси милицияга арыз менен кайрылган.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренеси (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 44 жаштагы И.М. жана 31 жаштагы Ж.Р. аттуу жарандар кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда иликтөө иштери уланып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз