Россияда таксиде иштеген мигранттарга жаңы талаптар коюлду

Россияда таксиде иштеген мигранттарга жаңы талаптар коюлду

Москвада кыргыз мигранттары менен «Яндекс Такси» компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирет.

Жолугушуу Россияда 1-сентябрдан тарта күчүнө кирген такси тармагын көзөмөлдөгөн жаңы мыйзамга байланыштуу уюштурулду. Эми жүргүнчү ташып иштеген мигрантар Россиянын жана Кыргызстандын укук коргоо органдарынан соттолгон же соттолбогондугу, ага карата эч кандай жаза жоопкерчилиги жоктугун таксыктаган маалымдама болгон учурда гана ишке орношо алат.

Компаниянын өкүлдөрү бул маалыматты баардык мигранттарга жеткирүүнү өтүнүштү.

Кыргызстандыктар талап кылынган маалымдаманы Россиядагы элчиликтен, консулдук мекемелерден жана Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен алса болот.

Миграцияга байланыштуу мыйзам долбоору Думага сунушталды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>