Ооганстан менен Пакистандын чек арасында куралдуу кагылышуу болдуПрезидент парламенттик шайлоодо миң үгүтчү жалдоого уруксат берүү маселеси боюнча пикирин айттыКытайлык көз дарыгерлери Кыргызстандын түштүгүндө акысыз операцияларды жасашатКыргызстанда дагы бир бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдүКыргызстанда жеке ишкер катары кантип катталса болот? Жол-жобосуКөчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалды
Садыр Жапаров эки спортчуга батирдин ачкычтарын тапшырды
27.10.2023 | 09:43
Президент Садыр Жапаров 26-октябрда Жалал-Абад шаарынын 146 жылдыгына арналган иш-чарада эки спортчуга батирлердин ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Батирдин ачкычтары боксчу Рустамбек уулу Нурадинге жана грек-рим күрөшү боюнча балбан Амантур Исмаиловго берилген. Садыр Жапаров бул белектер спортчулардын талыкпаган эмгегин, мелдештердеги жеңиштерин баалоо, жаштарды спортко тартууну пропагандалоо максатында тапшырылып жатканын билдирген. Жапаров улан-кыздар спорттун кайсы бир түрүнөн өлкөнүн желегин эл аралык аренада бийик көтөрүп, даңазалаган чемпион, залкар инсан болууга умтулушса, жакшы болот деп, дени сак болууга үндөгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом