Бишкекте көмүр сатылып жаткан жайлардын даректери

Бишкекте көмүр сатылып жаткан жайлардын даректери

Бишкек мэриясы шаардагы көмүр сатылып жаткан жайлардын даректерин жарыялады. Анда көмүр 4 миң 700 сомдон 6 миң 200 сомго чейин сатылууда.

 Ленин районунда:

  • Мурманск көчөсү 126 дарегиндеги көмүр базасында «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;
  • «Кара-Тоо» ЖЧКсы, Мурманск көч. 45/2 (мурдагы. ОсОО Торг-Синтез)»Кара-Жыгач» көмүрүнүн тоннасы 6000 сом;
  • «Береке» ЖЧКсы, Мурманск көч. 122, 122а «Кара-Кече» тоннасы 5500-6500 сомдон жогору;
  • » Беш Сары » ЖЧКсы, Мурманск көч. 1б дарегинде «Кара-Кече» көмүрүнүн  тоннасы 5500 сом;
  • Дэн Сяопин пр.306 а дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин көмүр базасында «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;
  • «Болотбеков»жеке ишкер, Дэн Сяопин пр. 308/4. «Кара-Кече» тоннасы 5800 сом;
  • «Мурманск көч., 1б» дарегиндеги  Алтын корпорациясы «ЖЧКсында «Шабыркүл» көмүрүнүн тоннасы 6000 сомдон сатылууда;
  • Алыкулов көч. 6б дарегиндеги  «Абиев Нурлан» жеке ишкер.  «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом.

Биринчи май районунда:

— «Ак-Босого» конушу, Профессор Зима 156а, 1 кап көмүр   220 сом, бир тонна көмүр 6000 сом, 30 тонна көмүр камдалды;

— Щербаков көчөсү 121,   1 мүшөк көмүр 200 сом, 200 мүшөк бар;

— Махатма Ганди жана Жапаров көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүр 210 сом  жана 1 тоннасы 6000 сом, ошондой эле тандалган көмүрдүн тоннасы 7000 сом, 60 тонна бар;

—  «Алтын-Бешик» жаңы конушу Алтын-Бешик жана Мидин көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүр 250 сом, тоннасы 6000 сом, запаста 70 тонна;

— Дэн Сяопин көчөсү 531, бир кап көмүр 280 сом, кампада 10 тонна.

Октябрь районунда:

  • «Глобал Азия Пропертиз» ЖЧКсы «Төкөлдөш» конушун  «Аламүдүн» станциясында, Казакстандын Кара-Жыгач көмүрүнүн 1 тоннасынын баасы 6200 сомду түзөт.Свердлов районунда:
  • Достоевский  көчөсү 1 дарегинде   1 отун базасы бар.
    Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>