Бишкектин Октябрь районунун Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 8-кабатындагы батирден өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
ӨКМ тилсиз жоо менен 1,5 сааттай күрөшүп, саат 13.20да толук токтотулган.
Жалпысынан жаңы курулган үйдүн 20 тургуну эвакуацияланып, өрт чыккан батирде жашаган 2 адам тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз