Британия өкмөтү кыргыз мигранттарына атайын долбоор иштеп чыгат

Британия өкмөтү кыргыз мигранттарына атайын долбоор иштеп чыгат

Англияда иштеп жүргөн кыргыз мигранттарынын эмгек укуктарын коргоо боюнча долбоор иштелип чыгат. Бул тууралуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен сүйлөшүү учурунда билдирди.

Анын маалыматында, 2023-жылы мезгилдүү жумушка 10 миңге жакын кыргыз жараны алынган.

“Биздин статистика боюнча, Улуу Британияда мезгилдүү жумуштар үчүн каралган баардык квоталардын 20 пайызы Кыргызстандын эмгек мигранттары үчүн берилет. Биз үчүн Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо абдан маанилүү”, — деп айтты элчи.

Тараптар аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо боюнча көптөгөн актуалдуу маселелерди дагы талкууга алышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>