Журналист Гүлжан Каримованын эмнеге шектелип жатканы айтылды

17.11.2023 | 11:00

“Назарньюс” сайтынын жетекчиси Гүлжан Каримова УКМК тарабынан 48 саатка кармалды. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге анын жакындары ырасташты.

Алардын маалыматында, журналист  Кылмыш-Жаза кодексинин 330-беренесинин негизинде диний кастыкты козутууга шектелүүдө. Ага Гүлжан Каримованын 2023-жылдын январь айында Facebook баракчасына жазган посту себеп болгондугу айтылат.

Бүгүн-эртең анын бөгөт чарасы сотто каралат.

Белгилей кетсек, Маданият жана маалымат министрлиги  “Назарньюс” сайтын 2 айга  жабуу чечимин кабыл алып, 20 күндөн кийин кайра иштөөгө уруксат берген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top