Бишкек абанын булганышы боюнча 13-орунду ээледиКышкы каникул расмий түрдө 12-январга чейин узартылдыПрезидент эмдиги жылы апрелден тарта айлык акылар көбөйтүлөрүн айттыСаламаттык сактоо министрлиги бейтапканалардагы узун кезектин себебин түшүндүрдүЕАЭБ менен Индонезия эркин соода жөнүндө келишимге кол коюштуАрашан айылынын информатика мугалими балдарды санариптик келечекке кантип даярдап жатат
Бишкекте лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык борбор жабылды
21.11.2023 | 10:37
Бишкекте лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык борбор жабылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Алар уруксат кагаздары жок туруп, мыйзамсыз дарыгерлик менен алектенип, медициналык манипуляцияларды жана хирургиялык кийлигишүүлөрдү жүргүзүшкөн.
Косметологиялык салондорго 84 миң сомго айыппул салынды.
Министрлик жарандарды өзүнүн саламаттыгына олуттуу мамиле жасоого, мындай борборлорго кайрылуудан мурда медициналык уюмдардын тизмеси менен ( https://med.kg/lisenzirovanie) таанышып алууга чакырат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом