BITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөтБишкекте курттардын капташы: Ак-Босогодогу теректер эмне болууда?Кыймылсыз мүлктү сатууга өз алдынча тыюу. Дастан Бекешевдин түшүндүрмөсүКыргызстан менен Казакстандын банктары кооптуу сызыктаБишкек менен Душанбе парламенттик кызматташууну күчөтүүнү талкууладыКыргызстанда окуу жылы 15-сентябрда башталат — себептери
Ташиев: Мен үч жылдан кийин ыйлабашым керек
23.11.2023 | 13:25
“Кыргызстан демократиянын аралчасынан мыйзамдуулук жана жакшы жашоонун аралчасына айланат”, – деп УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал система менен катуу күрөш жүрөрүн белгиледи.
“Мен 3 жылдан кийин ыйлабашым керек. Мен мыйзамга ишенип жашап, мени мыйзам коргошу зарыл. Мурдагы бийлик өкүлдөрү не болду? “Мени тиги кадрым, премьерим коргоп калат” деп жүрүштү эле”, – дейт төрага.
“Мага эч нерсенин кереги жок. Аны баары билишет. Бул реклама эмес. Мага бир гана нерсе маанилүү – мамлекетти таза өлкөгө айлантышыбыз керек. Бизде ага азыр мүмкүнчүлүк бар”, – деди Камчыбек Ташиев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом