УКМК конфискациялап жаткан акчаны каякка коротуп жатканын айтты

УКМК конфискациялап жаткан акчаны каякка коротуп жатканын айтты

УКМК тарабынан козголгон кылмыш иштеринин жана криминал менен күрөштүн алкагында конфискацияланган мүлк жана акчалар бюджетке жана президенттин фондуна которулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, каражат алгач УКМКнын депозиттик эсебине түшүп, андан кийин башка жактарга которулат.

«Биз акчаларды жумшабайбыз, статистика гана жүргүзөбүз. Алынып жаткан акчалардын тыйынына, бир топчусуна дагы тийбегиле деп тапшырма бергенмин. Ким аны аткарбаса жумуштан кетет», — деди Камчыбек Ташиев.

Ал комитетте тартип катуу экенин, так иштебеген кызматкерлер дароо айдаларын белгиледи.

«Жакында эле үчөөнү иштен бошоттум. Бирөө 28 миң доллар пара алган, бирөө инвестордун ири суммадагы акчасын башка тарапка өткөрүп берген», — деди төрага.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>