«Мугалим буюм эмес». Кесиптик бирликтер Садыр Жапаровго Эдил Байсаловдун үстүнөн арыздандыЧүйдө аялын сабап, өлтүрүүгө шектелген жаран кармалдыОрус-Кыргыз Өнүктүрүү фонду тарыхый чекке жетти: инвестициянын көлөмү 1 миллиард доллардан аштыКарга байланыштуу «Сосновка» жана «Арал» пунктарында убактылуу чектөө киргизилдиКыргыз мушкерлери Дубайда өткөн Дүйнө чемпионатында күч сынашатСасык тумоо: өлкө боюнча 207 мектеп онлайн окууга өтүп, 217 бала бакча жабылды
ОшМУ Евразия аймагындагы алдынкы үч университеттин катарына кирди
24.11.2023 | 10:31
“IAAR Eurasian University Ranking (IAAR EUR) – 2023” Эл аралык рейтингинде Ош мамлекеттик университети алдыңкы үчтүккө кирди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Аталган рейтинг боюнча биринчиге Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети, экинчиге Россиянын Финансы университети, үчүнчүгө Ош мамлекеттик университети чыкты.
“IAAR Eurasian University Ranking – 2023” эл аралык рейтингине Казакстан, Нидерландия, Индия, Түркия, Латвия, Азербайжан, Молдова, Армения, Грузия, Кыргызстан, Өзбекстандын университеттери катышты.
Белгилей кетсек, Ош мамлекеттик университети – 2022-жылы Кыргызстанда өзгөчө макам алган беш университеттин бири.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом