Кыргызстан 2030-жылга чейин тышкы карызга ири сумманы төлөшү керек

Кыргызстан 2030-жылга чейин тышкы карызга ири сумманы төлөшү керек

Кыргызстан 2030-жылга чейин тышкы карызга ири сумманы төлөшү керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкө карыз төлөөнүн эң жогорку тепкичине жетти.

“2030-жылга чейин ири суммалардагы карызды төлөйбүз: 2023-жылы –344 млн доллар, 2024-жылы – 400 млн доллар, 2025-жылы – 430 млн доллар, 2026-жылы — 390 млн доллар. Тышкы карыз боюнча мамлекеттик саясат өзгөрөт”, – деди ал.

Акылбек Жапаров 2024-жылдын республикалык бюджеттинде бюджеттик колдоонун алкагында келүүчү насыялар жана гранттар боюнча суммалар жок экендигин, өлкө өзүнүн булактарына таянарын кошумчалады.

“Мамлекеттик активдердин көбөйүшү – өлкө саясатында экономиканын туруктуу болушуна түптүү негиз. 2023-жылдын 6 айында мамлекеттин активдери 712,9 млрд. сомду түздү. 2015-жылга салыштырсак, 21,4 эсеге көптүк кылат” – деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>