Бишкекте айрым көчөлөрдө убактылуу ысык суу өчүрүлөтТурдакун Усубалиевдин жакындары Кочкордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыктыБишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат бердиМунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледиШаардык сот Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыгарды
Мыйзам долбоору: Кыргызстанда көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салынат
24.11.2023 | 11:06
Кыргызстанда көзү ачыктарды, сыйкырчыларды жана алар көрсөткөн кызматтарды жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда. Тиелешүү мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев иштеп чыкты.
Мыйзам долбоорунда айтылгандай, турмушта кыйынчылыкка кабылган жарандар көзү ачыктарга кайрылып, өз маселесин чечүүнүн айласын издешет. “Көзү ачыкмын”, “сыйкырчымын” деген адамдар аларга келген кишинин кыйынчылык тартып жатканын билип, “көйгөйүн чечип берем” деп ишендирип, көз боемочулук кылышат.
Мындан улам депутат Кыргызстанда көзү ачыктарды, сыйкырчыларды жана алар көрсөткөн кызматтарды жарнамалоого тыюу салууну сунуштап жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом