“Айчүрөк” соода борборунун жетекчиси кармалды

“Айчүрөк” соода борборунун жетекчиси кармалды

“Айчүрөк” (ЦУМ) соода борборунун башкаруучу компаниясынын жетекчиси,  “Сити Центр” ЖЧКсынын башкы директору Зууракан Жылтырова кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, ал кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаштырууга (Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгү) шектелүүдө. Зууракан Жылтырова УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

“Сити Центр” ЖЧКсы “ЦУМ” соода борборунун негизги башкаруучу компаниясы болуп саналат, ал соода борборундагы соода жана кеңсе жайларын ижарага берүү менен алектенет.

Коопсуздук комитети учурда мамлекеттик органдарга берилген отчеттук маалыматтардагы бурмалоолорду аныктап,  республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн текшерип жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин 2023-жылдын 11-ноябрында “ЦУМ” соода борборунун ээси Анвар Маметовго (Габбазов) тергөө органдары тарабынан издөө жарыяланган.

Мындан тышкары, маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык мүлктү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу иштери улантылууда.

«Айчүрөк» соода борборунун ээси Анвар Габбазов издөөгө алынды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>