Кыргызстан менен Германия парламенттер аралык байланыштарды чыңдоодоБлогерлер Sary Kyz менен Argen Sigma Кыргызстанды таанытышатБишкекте жол кырсыгынан 22 жаштагы жөө жүргүнчү каза болдуFreedom Bank Kazakhstan Кыргызстанда банк ачуу пландарын токтоттуМамлекеттик кызмат Жапониянын стипендиялык программасына катышуучулардын аймагын кеңейтет«Эс алсын, дарылансын» Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматка келбей турганын билдирди
Ооганстанга гуманитардык жардам жөнөтүлөт
27.11.2023 | 14:54
Кыргызстан жер титирөөдөн жабыркаган Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Ооган элине 100 тонна азык-түлүк ( 75 тонна ун, 20 тонна кумшекер, 5тонна суумай), 500 керебет, 500 жууркан, 500 төшөк жеткирилет.
Министрликтин маалыматында, 1 миллион сомго аялдар жана балдарга кышкы кийим-кече, бут кийим, оюнчук, гигиеналык каражаттар алынды.
Эске салсак, 2023-жылдын 7-октябрында Ооганстанстандын Герат шаарынын түндүк-батыш тарабында очогунда күчү 6,3 балл болгон жер титирөө катталып, 2 миңден ашык адам каза болду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом