УКМК Бишкектеги 10 сойкукананын ишине бөгөт койду

УКМК Бишкектеги 10 сойкукананын ишине бөгөт койду

Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн сойкуканалардын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-ноябрга караган түнү Бишкектеги бир нече даректе тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 10 сойкукана аныкталган. Алардын ичинде массаж салонуна жамынып, иштеп жаткан сойкуканалар болгон.

«Ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлгөн жерлерде сойкуканалардын 10 уюштуруучусу жана ээлери, ошондой эле өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 18 жаштан 30 жашка чейинки 70 жеңил ойлуу кыз, алардын арасында борбордогу ЖОЖдордун студенттери да кармалган», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулук менен алектенүү же ыплас аракеттерге көмөктөшүү, же сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо) боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында сойкуканалардын 10 уюштуруучусу жана ээлери Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда сойкуканаларды калкалоого тиешеси бар бийлик адамдарын, ошондой эле аларды уюштурууга катыштыгы бар башка кишилерди аныктоо иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>