Ю. Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылдыКатар өкмөтү Бишкек медициналык тез жардам клиникалык ооруканасына кошумча корпус курууга грант бөлдүЖети-Өгүздө улак тартышта чыр чыгып, 34 жаштагы жигит каза болду«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыкты
2024-жылы пенсия канча пайызга көбөйөрү айтылды
27.11.2023 | 16:06
2024-жылга пенсионерлердин жашоо куржуну 7 миң 728 сом болуп бекитилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет комитетинин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Ал 2015-жылы орточо пенсия 3 миң 200 сомду түзсө, 2023-жылы 9 миң 300 сомго жеткенин белгиледи.
“Пенсиянын жыл сайын көтөрүп турсак, эң төмөнкү пенсия жашоо куржунунан ашат”, – деди ал.
Социалдык фонд эмки жылы пенсиянын камсыздандыруучу бөлүгүн 7 пайызга көбөйтмөкчү.
Жыл сайын 50 миң жаран пенсияга чыгат.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын 1-октябрынан тарта пенсияга 38 пайыз кошулду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом